Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Экс-премьер Олмерт кайрадан “караланды”


Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Олмертке коррупцияга аралашкан деген жаңы күнөө коюлду. Маалымдалганга караганда, Олмерт 2006-жылга чейин Иерусалимдин мэри болуп турган кезинде бир катар курулуш долбоорлорун бекитип, пара алган деп шектелүүдө. Ансыз да Израилдин мурдагы лидери кызматын натуура пайдаланган деп күнөөлөнүп, азыр анын үстүнөн сот жүрүп жаткан. Ал бардык айыптоолорду четке кагууда.

Олмерт буга чейин да бир нече жолу күнөөлөнүп, бир да факт далилденген эмес. Бирок кексе саясатчы ушундай кезектеги айыптоодон улам, 2009-жылы үч жыл иштеген соң премьер-министрликти аргасыз калтырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG