Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:06

Нигерияда чиркөөгө чабуулда алты адам набыт болду


Чиркөөнүн көсөмү айтканына караганда, куралчан киши өлкөнүн түндүгүндөгү Насарава шаарында чиркөөдө ок чыгарганда өлгөндөрдүн катарында анын жубайы да болгон. 10 адам жаракат алды.

Африка боюнча калкы эң жыш отурукташкан бул өлкөнүн түндүгүндө көптөн бери эле мусулмандар менен христиандардын тиреши уланып келатат. Бир нече күн мурда мусулмандардын сектасынын өкүлдөрү аймактагы христиандар үч күндүн ичинде көчүп кетпесе өлтүрүлөөрүн айтып коркутушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG