Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Сириянын оппозициясы БУУдан жардам сурады


Оппозиция 10 айдан бери уланып жаткан зордук-зобунду токтотууга аракет кылган Арап лигасынын Сирияда жүргөн байкоочуларына Бириккен улуттар уюмун жардам берүүгө чакырды.

Байкоочулар кабылган проблемаларды Катардын премьер-министри Хамад бин Яссим БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен талкуулаган. БУУ сүйлөшүүдөн кийин лиганын байкоочуларына техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиргени айтылды. Яссим арап байкоочулары “айрым каталарды жасаганын”, бирок убагында аларды жойгонун билдирди.

Сириянын оппозициясы лиганын байкоочулар миссиясынын иши зомбулукту токтотууга жардам бербеди деп, аны сындап жатат.

Ал арада расмий Дамаск демонстрацияларда кармалгандардын ичинде 500 адам абактан бошотулганын кабарлады. Өткөн айда 700 киши бошотулган болчу. Оппозициянын ишениминде, түрмөлөрдө дагы 10 миңдей адам калууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG