Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

Ала-Арча капчыгайында чет өлкөлүк турист мерт кетти


Бишкектен 20 чакырым аралыктагы Ала-Арча капчыгайында чет өлкөлүк туристтин мерт кеткенин бүгүн "Азаттыкка" Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Жусубалиев билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, Нидерланд королдугунун жараны Якобс Декуайер турист болуп Кыргызстанга 2-январда "Арпа Марко Поло" компаниясынын чакыруусу боюнча келген. 5-январда түштөн кийин Ала-Арчадагы 500 метрлик бийиктиктен кулап мерт кеткен. Кырсык болгон жерде анын жубайы, туристтик компаниянын өкүлү жана котормочу да бар болчу. "Тергөө иштеп жатат. Кылмыш болгонбу же жокпу, азыр айта албайм", - деди Жусубалиев. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG