Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Ош облустук психикалык ооруканасына дарыгер жетишпейт


Ош облустук психикалык ооруканасы дарыгерлерге муктаж. Бул тууралуу аталган оорукананын башчысы Абдырахман Өмүрзаков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, бейтапканага 31 дарыгер керек, азыр 16 жогорку билимүү адис гана эмгектенет.

«Орто билимдүү медайым жана санитардык кызматкерлерибиз жетиштүү. Жогорку билимдүү дарыгерлердин жетишсиздигинен улам кызматкелерибиз күн-түндөп иштегенге туура келет»,- дейт Өмүрзаков.

Аталган оорукана 170 бейтапты дарылоого ылайыктышкан. Учурда 168 оорулуу дарыланып жатат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG