Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Жаңы-Өзөндө парламенттик шайлоо 15-январда өтпөйт


Казакстандын Конституциялык кеңеши декабрда кагылышуулар болгон Жаңы-Өзөн шаарында шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес деген чечим чыгарды. Кеңештин төрагасы Игорь Рогов шаарда өзгөчө кырдаал киргизилгендиктен, шайлоочулардын коопсуздугун камсыздоо кыйын болоорун жүйөө келтирди.

16-декабрда Жаңы-Өзөндө сегиз айдан бери нааразылык акциясын өткөрүп жаткан мунайчылар полиция менен кагылыша кетип, ортодо атылган октон кеминде 17 киши каза тапкан. Ал жердеги өзгөчө кырдаал ушул айдын аягына чейин узартылган, Казакстандагы мөөнөтсүз парламенттик шайлоо 15-январда өтөт.

XS
SM
MD
LG