Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Каржы полициясы эки казинону жапты


Каржы полициясы казинолордун жабылып-жабылбаганын текшерүү үчүн ыкчам-иликтөө топ түздү. Ырасмий маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда рейд жүрүп “Вулкан” жана “РИО” деп аталган казинолор мыйзам тыюу салганына карабай иштеп жатканы аныкталды. Азыр казинолорду көзөмөлдөө уланууда.

Бишкекте 6-январда кумарканаларды жабууга каршы акция болуп, анда айрым казинолор жабылбай жатканына нааразылык айтылды. Кыргызстанда казинолор жана оюн автоматтарына тыюу салган мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирди. Ал арада кумар оюндар бизнес коомчулугу бул мыйзам өлкөнүн Конституциясына каршы келерин билдирип, кыргыз өкмөтүн сотко берген жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG