Жаңы Зеландияда ысык аба менен үйлөнгөн шар жерге кулап, 11 киши набыт болду. Полициянын маалымдашынча, шар жерге түшүп баратканда өрттөнүп жаткан. Бул Жаңы Зеландияда 1979-жылдан берки экинчи чоң авиакырсык. Анда коммерциялык учак Эребус тоосуна кулап, 250дөн көп адам набыт болгон.