Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

2011-жылы АКШда жумушсуздук азайды


Кошмо Штаттарда 2011-жылы жумушсуздук 8, 5 пайызды түздү. АКШнын Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, бул кийинки үч жылдагы эң жакшы көрсөткүч. Өткөн жылы өлкөдө 1, 6 миллион жаңы жумуш орундары ачылган. Бул ноябрда кайрадан президенттик шайлоого түшкөнү жаткан Барак Обама үчүн жакшы кабар. Бирок президенттикке талапкер болуп жаткан республикачылар Обаманы анын администрациясы жүргүзгөн экономикалык саясаттын "пайдасынан зыяны көп болду" деп сындашты.

XS
SM
MD
LG