Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Сирия өкмөтү коогалаңчыларга “темир муштум” менен жооп берет


Сирия президенти Башар Ассаддын өкмөтү өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудургандарга “темир муштум” менен жооп берилет деп убада берди. 6-январда Дамаскта бомба жардыруусунан расмий маалымат боюнча 26 киши набыт болгон эле. Сирия бийликтери бомба чабуулу үчүн террорчуларды күнөөлөдү. Оппозиция болсо өкмөт оппоненттерин каралоо үчүн жардырууну өзү уюштурду деп айтууда.

8-январда Араб Лигасынын байкоочулары Ассаддын өкмөтү 10 айдан бери Сирияны солкулдатып жаткан элдик козголушту токтотуу боюнча Араб мамлекеттеринин планы кандай аткарылып жатканын расмий Дамаск менен талкуулайт.

XS
SM
MD
LG