Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Израил кибер хакер жазасыз калбасын эскертти


Израил миңдеген жарандарынын кредиттик карталарынын маалыматын жарыялаган кибер хакер жазасыз калбасын эскертти. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Дэнни Эйлон ишемби күнкү сөзүндө кибер-чабуулдар “мамлекеттин күнкорсуздугуна террордук операцияга тете коркунуч жаратат” деди: "Израилде өзүн коргогондой эбегейсиз мүмкүндүгү бар. Бардык бузукуларды табуу үчүн биз бардыгын жасаарыбыздан шек санабайм".

Жума күнү өзүн Сауд Арабияда жашаймын деп көрсөткөн хакер Интернетке 25 миңдей израилдиктин кредиттик карталарынын маалыматын жарыялап жиберген. Ройтерс агенттиги кээ бир карталардын мөөнөтү бүткөнүн билдирди. Израилдик айрым булактар хакер Мексикада жашаган 19 жашар жигит болушу мүмкүн экенин кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG