Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

15 жашар ооган кыз кайындарын соттоого чакырууда


15 жашар Ооган кыз аны кыйнап, бир нече ай жертөлөдө кармаган кайындарын соттоону талап кылууда. Сахар Гүлдү полиция 27-декабрда үй туткунудан бошоткондон бери Кабылда дарыланууда.

Сахар Гүл бул жөнүндө бүгүн Ассошэйтед Пресс агенттигине, өткөн жумада “Азаттыкка” айткан. Баглан провинциясынын полициясынын айтышынча, 15 жашар келин сойкулук кылганга макул болбой койгондо, кайындары аябай уруп, кыйнашкан. Сахар Гүлдүн күйөөсүнүн ата-энеси жана карындашы азыр камакта. Күйөөсү азыр издөөдө.

Ооганстандын мыйзамы кыздарга 16 жаштан күйөөгө чыгууга уруксат берет. Бирок Бириккен Улуттардын Аялдар агенттигинин маалымдашынча, көптөгөн ооган кыздар 15 жашка чыкпай жатып күйөөгө берилет.

XS
SM
MD
LG