Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Араб лигасы Сириядагы байкоочуларынын саны көбөйтүлүшүн каалайт


Бул туралуу кечээ лигага кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Каирде өткөн жыйынынын соңунда айтылды. Катардын премьер-министри шейх Хамад бин Яссем ал-Тани “жакынкы күндөрү” байкоочулардын саны азыркы 163 адамдан 300гө өсөт го деп үмүттөнөөрүн айтты.

Каирдеги жыйында сүйлөп жатып, Арап лигасынын баш-катчысы Набил Елараби: “Сирия кризиси өкмөт менен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши мүмкүн”, - деди.

"Байкоочуларды жиберүү өзү протокол үчүн эле жасалып жаткан нерсе, - деди Елараби. - Биз каалап жаткан негизги эле талап – Сирия кризиси үчүн саясий чечимди табуу. Мындай чечим Сириядагы оппозиция менен өкмөт бир үстөлгө отуруп сүйлөшмөйүн табылбайт".

Лиганын байкоочулары Сирияда 26-декабрдан баштап иштеп жатышат. Бирок алар барышканына карабай, кан төгүүлөр токтотогон жок. Ошондуктан алардын ишин сирия оппозициясы сынга алып, арап байкоочуларын Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрүнө алмаштырууну сунуш кылып жатат.

Араб лигасы Сириянын өкмөтүн дагы бир жолу куралсыз элге каршы зордук-зобунду токтотууга чакырды. Кечээ атышууларда 20 киши, анын ичинде 11 өкмөттүк аскер, окко учканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG