Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Ирандын президенти Венесуэлага барды


Президент Махмуд Ахмединежад Латын Америкадагы төрт мамлекетке сапарын баштады. Сыналгы каналдары Ахмединежад Ирандын президенти катары бешинчи жолу Каракаска конгонун, ири аскерий парад менен тосуп алынганын көрсөтүштү. Ал Венесуэланын президенти, АКШнын дагы бир катуу сынчысы Уго Чавес менен сүйлөшөөрү күтүлүп жатат. Каракастан кийин Ахмединежад ушул аптада Никарагуага, Кубага жана Эквадорго барат. Бул сапардын алдынан АКШ Латын Америкадагы өлкөлөрдү Иран менен көп эле жакын боло бербөөгө, тыгыз мамиледен оолак болууга чакырган болчу.

XS
SM
MD
LG