Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Бишкекте электрди керектөө нормадан ашууда


Бишкекте бир суткада электр энергиясын керектөө дагы эле нормадан ашык катталууда. Бул тууралуу бүгүн "Түндүкэлектр" ишканасынан "Азаттыкка" кабарлашты. 10,8 млн кВт.саат каралса, өткөн суткада эле 13,6 млн кВт.саат электр энергиясы сарпталды. Бүгүн да жогорку вольттогу 35 кВ “ТЭЦ Бишкек - Пенько-Джутовая 1” кабелдик электр чубалгысы ашкере жүктөлдү. Ошондуктан Жибек Жолу, Осмонкул көчөлөрүндө, Чыгыш автобекетте, Аламүдүн базарынын тегерегинде электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Метеорологдордун бүгүн Бишкекте 0...-2 градус болот дегени менен, азыр шаарда 7 градус суук. (RK)

XS
SM
MD
LG