Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Пакистандын мурдагы президенти мекенине кайтууну көздөйт


Первез Мушараф бул тууралуу Карачи шаарында топтолгон миңдеген жактоочуларына Дубайдан жекшемби күнү видео байланыш аркылуу кайрылган кезинде билдирди:

- Мен ушул айдын 27-30у аралыгында келем. Мен ошондой эле Карачиге келе турганымды жарыялайм. Кудай буюруса, силердин алдыңарда туруп, дагы бир ирет кайрылуу жасайм.

Мушарафтын айтымында, ал өзүнүн жакында түзүлгөн “Бүткүл Пакистандын мусулман лигасы” партиясын 2013-жылга белгиленген парламенттик шайлоого баштап барууну көздөөөдө. Мушараф Пакистанга кайтууну мекенинде камакка алынуусу ыктымал экендигине карабай убада кылууда.

Ал бийликке 1999-жылы аскерий төңкөрүш аркылуу жеткен. 2008-жылы кызматтан чегинип, өлкөдөн чыгып кеткенге чейин Пакистанды оболу аскерий диктатор, кийинчерээк жарандык президент катары башкарган.

Ага мекенинде бир катар дооматтар коюлуп, анын ичинде 2007-жылы киши колдуу болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун коопсуздугун камсыздай алган эмес деп айыпталууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG