Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Кытай менен Түштүк Кореянын саммитинде Түндүк Корея талкууланат


Түндүк Кореянын өлкөнү узак мезгил башкарган Ким Чен Ир каза тапкандан кийинки өткөөл мезгили Кытай жана Түштүк Корея президенттеринин саммитинин башкы темасы болору күтүлүүдө.

Түштүк Кореянын лидери Ли Мён Бак үч күндүк сапар менен Кытайга бүгүн келди. Иш сапары учурунда ал Кытай лидери Ху Цзиньтао менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Кытай - Түндүк Кореянын жакынкы союздашы жана башкы соода өнөгү. Расмий Бээжин Түндүк Кореянын жаңы лидери Ким Чен Ирдин уулу Ким Чен Ынга колдоосун буга чейин эле билдирген.

XS
SM
MD
LG