Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48

Иранда АКШнын жараны өлүм жазасына кесилди


Ирандын чалгын министрлиги тыңчы деп атаган Амир Мирзаи Хекмати жергиликтүү теледен сүйлөп жаткан учуру.

Ирандын чалгын министрлиги тыңчы деп атаган Амир Мирзаи Хекмати жергиликтүү теледен сүйлөп жаткан учуру.

Иран сотунун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, теги боюнча ирандык америкалыкка өлүм жазасы АКШнын пайдасына тыңчылык кылганы үчүн берилди.

Соттун басма сөз катчысы Голамхоссеин Мохсени Ежейдин ИСНА кабар агенттигине айтканына караганда, Амир Мирзаи Хекмати өлүм жазасына “АКШнын душманчыл өкмөтү менен кызматташканы жана ЦРУга тыңчылык кылганы үчүн” кесилди.

28 жаштагы Хекмати - АКШда төрөлгөн жана ирандык иммигранттардын уулу. Маалыматтарга караганда, ал АКШнын деңиз аскерлери үчүн котормочу болуп иштеген.

Хекматини камакка алганын Иран декабрь айында жарыялаган. Ирандык расмий өкүлдөрдүн ырастоосунда, ал Ооганстандагы жана Ирактагы аскерий базаларда машыгуудан өткөн жана андан кийин Ирандын чалгын мекемелерине кирүү үчүн жөнөтүлгөн.

ФАРС агенттигинин кабарына караганда, Хекмати ЦРУ үчүн тыңчылык кылганын мамлекеттик теледен мойнуна алды, бирок Иранга зыян келтирүү ниети болбогонун белгиледи.

Хекматинин АКШдагы үй-бүлөсүнүн айтымында, ал тарыхый мекенине чоң апасын көрүү үчүн барган.

АКШ Ирандан Хекматинин бошотулушун талап кылды.

АКШнын теги ирандык жаранынын өлүм жазасына кесилиши Ирандын талаштуу өзөктүк программасына байланыштуу Вашингтон менен Тегерандын тиреши күчөгөн учурга туш келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG