Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:59

Сукенов: Алайкууда шарп жок


Алайкуу зонасында малдын шарп ылаңы күчөп барат деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Алайкуунун ветеринардык инспектору Замирбек Сукенов билдирди. Анын айтымында, мындан 2 ай мурда Чүйдөн алынып барылган торпоктордо шарп болушу мүмкүн деген шектен улам текшерүү жүргүзүлгөн. Учурда малда шарптын белгилери жок. Баардык мал эмдөөдөн өткөн.


Оштун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу зонасындагы Күйөө-Таш айылында малдын шарп ылаңы күчөп барат деп бүгүн "Азаттыкка" аталган айылдын тургуну Токтомуш ажы Мырзабай уулу кабарлаган. Анын айтымында, "дарылоо да, эмдөө да жүргүзүлгөн жок, малчылар эптеп өзүлөрү дарылап жатышат". (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG