Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

КМШ өлкөлөрүнүн дебат таажысы Кыргызстанга тийди


Эл аралык билим берүү, пикир айтыш ассоциациясынын Кыргызстандагы өкүлү Алтынай Жумашева биринчи жолу “КМШ өлкөлөрүнүн дебат таажысынын” ээси болду.

“Биздин ассоциация Сорос кору менен биргеликте өткөн жылы “Айтматовдун кубогу IDEA2011” мелдешин өткөргөн эле. Дал ушул иш-чараны мыкты уюштурганым үчүн бул наамды алдым” –деп билдирди Алтынай Жумашева "Азаттыка".

Аталган сынак КМШ өлкөлөрүнүн арасында 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Иш-чаранын максаты - дебаттар боюнча жаштар арасындагы мыктыларды аныктоо.Жеңүүчүлөрдү он-лайн добуш берүү аныктайт. (EzK/RK)

XS
SM
MD
LG