Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:34

Саркози: ЕБ бюджет келишими 1-мартка чейин кабыл алынышы керек


Саркози менен Меркел Берлиндеги пресс-конференцияда. 9-январь, 2012-жыл.
Саркози менен Меркел Берлиндеги пресс-конференцияда. 9-январь, 2012-жыл.
Николья Саркозинин айтымында, Евробиримдиктин уюмга мүчө өлкөлөрдө бюджеттик тартипти чыңдоону караган келишимине 1-мартка чейин кол коюлуусу керек. Саркози бул тууралуу бүгүн Берлинде немец канцлери Ангела Меркел менен бирге өткөргөн маалымат жыйыны учурунда билдирди. Эки лидердин тең айтымында, алар еврону колдонгон 17 өлкөнүн карызга баткан мамлекеттерди куткаруу боюнча коруна берилүүчү төлөмдү тездетүү маселесин карап көрүүгө даяр.

Бул аралыкта Германия алты айлык мөөнөткө эсептелген казына векселдерин 3,9 миллиард еврого аукциондо алгач ирет кирешесиз сата алды. Бул казына векселдерин сатып алгандар акчасынан үстөк пайыз көргөндүн ордуна аны сактоо үчүн немец өкмөтүнүн колуна тапшырууга артыкчылык беришти дегенди туюндурат.

Бул кадам ошондой эле Европадагы азыркы карыз кризистен сактоочу катары каралган Германия экономикасынын макамын баса көргөздү.

XS
SM
MD
LG