Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Лионель Месси - дүйнөнүн үч жолку мыкты футболчусу


“Барселонанын” жана Аргентина курама командасынын оюнчусу Лионель Месси үчүнчү жолу катары менен “Дүйнөнүн эң мыкты футболчусу” катары “Алтын топту” алды. Сыйлыкты тапшыруу аземи кечээ Цюрихте өттү.

Буга чейин тарыхта үч футболчу “Алтын топту” үч ирет алганы бар. Булар: француз Мишель Платини, голландиялыктар Йохан Круифф жана Марко ван Бастен. Бирок алардын ичинен Платини гана сыйлыкты азыр Мессидей үч ирет катары менен алган.

Быйыл бул сыйлык үчүн ат салышкандардын катарында “Реалдын” жана Португалиянын курамасынын оюнчусу Криштиану Роналду менен Испаниянын курмасынын футболчусу Шави да бар болчу.

XS
SM
MD
LG