Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Америкалык мурдагы аскер террор тобуна жардам бергенге аракет кылган деп айыпталды


АКШнын армиясында кызмат өтөгөн 24 жаштагы Крэйг Бэксэмди Сомалидеги “Ал-Шабаб” деген куралдуу экстремисттик топ менен байланышта болгон деп Кения камакка алды. Кабарга караганда, Бэксэм ал эктремисттик топко бир нече жүз доллар жардам бергенге жана алардын катарына кошулууга далалат жасаган.

Аны 20-декабрда Сомали менен Кениянын чек арасынан өтүп жаткан жеринен кармашкан. Тергөөнүн маалыматында айтылгандай, ал буга чейин Иракта жана Түштүк Кореяда кызмат өтөгөн жана исламды кабыл алган.

Эми Бэксэм 15 жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн. “Ал-Каида” террористтик уюму менен байланышы бар “Ал-Шабабды” Кошмо Штаттары террористтик кыймылдардын тизмесине киргизген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG