Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Аскаров ачкачылык жарыялабайт


Соттон күнөөсү далилденип, өмүр бою эркинен ажыраган укук коргоочу Азимжан Аскаров ачкачылык жарыялабайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун кабарлады. Ал Аскаров менен телефондон сүйлөшүп, ушундай чечимге көндүрө алганын айтты.

Эгер бийлик 9-январга чейин анын ишин кайра иликтөөгө албаса, 10-январдан тарта ачкачылык жарыялай турганын Аскаров былтыр декабрда Жогорку Сот анын жазасын күчүндө калтырганда жарыялаган. Кечээ ал акыйкатчы Турсунбек Акун аркылуу билдирүүсүн таратып, Кыргызстандын күч түзүмдөрү, сот системасы мыйзамсыз, бир жактуу иштеп жатат деп күнөөлөдү.

Аскаров 2010-жылдын июнунда Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улутундагы жарандардын ортосундагы кандуу жаңжал учурунда Базар-Коргон районунда милициянын кызматкерин элдин алдында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө тиешеси бар, мамлекеттик бийликке баш ийбөөгө, башаламандыкка чакырган деген айыптар боюнча соттолгон. Учурда ал Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жатат.

Өзбек тектүү укук коргоочу Аскаров өзү да, анын адвокаттары да соттун өкүмүн адилетсиз деп эсептешет. Адвокаты Нурбек Токтакунов чечим адилет эмес болгонун, Аскаровду кыйнашканы тууралуу тиешелүү документтерге соттор көңүл бурбай койгонун "Азаттыкка" билдирген. Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссары Нави Пилай Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 20-декабрдагы чечимине өкүнүчүн билдирген. Июн коогасында 400дөн ашуун адам набыт болгон.(RK)

XS
SM
MD
LG