Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Бишкекте Сауд Арабиясынын элчилиги иштей баштады


27-декабрдан тарта Бишкекте Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчилиги иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Элчилик өзүнчө имаратка ээ болуп толук кандуу иштей баштаганча Арапстандын Кыргызстандагы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Марай Альбарака Аль-Дербас иштеп турат. Азырынча анын кеңсеси "Хаятт" мейманканасында жайгашкан.

Араб өлкөлөрү менен Кыргызстандын экономикалык мамилелери чыңдала турганын былтыр октябрда "Азаттыкка" өкмөт башчысынын милдетин аткарып турганда азыркы премьер-министр Өмүрбек Бабанов билдирген. Анын айтымында, атайын инвестициялык форум өткөрүү пландаштырылууда. Араб өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүп, ал жактан инвестиция тартуу жагында көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экени да айтылган.(RK)

XS
SM
MD
LG