Ош шаарына Өзбекстандан саатына 5 миң 100 кубметр газ келип жатат. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Рустам Мирзаматов "Азаттыкка" билдирди.
"Негизи кышкысын Ош шаарынын калкы көгүлтүр отунду саатына 5 миң кубметрдин тегерегинде гана иштетет. Азыр бул талап толугу менен канааттандырылып жатат десек болот",- дейт ал. Белгилешинче, газ учурда шаарга толугу менен берилди.
Буга чейин шаар калкы газдын жетишсиздигинен кыйынчылыкка дуушар болуп келген. 2011-жылдын декабр айында Ош шаарына Өзбекстан тарап саатына 2 миң 900 кубметр гана газ берип турган. (ErN/RK)