Чүйдүн Жайыл районунда фермердин өлүмүн уюштурууга шектүү деп анын жубайы жана эки кызы кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлайт. Алгач алар сурак учурунда бул кылмышка тиешеси жок экенин айтышкан. Бирок кийин атасынан көргөн кордукка чыдабай ушундай ишке барганын айтышкан. Милициянын билдиришинче, алар 20-23 жаштагы үч кишиге 40 миң сом берип атасын өлтүртүшкөн. Анын сөөгү Кара-Балта шаарынан табылган. 43 жаштагы фермер дыйкан чарбасын жетектечү. (RK)