Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Ош: Ак-Буурадагы борбордук көпүрө кооптуу абалда


Оштогу Навои көчөсүн кесип өткөн Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган көпүрө кооптуу абалга кептелип турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын вице-мэри Таалай Сабиров билдирди. Анын айтымында, борбордук базардын жанындагы бул көпүрө 50 жыл мурун курулган.

“Аябай эскирип, жаңылоону талап кылып турат. Ушул жылы көпүрөнү оңдоону шаардык бюджеттин эсебине киргизели деп турабыз, азырынча ага канча каражат сарпталаары так эсептеле элек”,- дейт Сабиров.

Көпүрө шаардын борборунда жайгашкандыктан, тынымсыз автоунаа каттап турат. Чекесинде соода жүргүзгөндөр бар. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG