Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Авиакырсыкка кабылгандарга акчалай жардам берилди


Ош аэропортунда кырсыктаган учактын жүргүнчүлөрүнө акчалай жардам берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлайт. Баардык жабыркагандарга "Кыргызстан" авиакомпаниясы 50 миң сомдон, ооруканага жаткырылган 6 жүргүнчүгө 80 миң сомдон берди.

Бүгүн керектен чыгып калган учакты аэропорттун аймагынан алып чыгышат. Кырсыктын себепеттерин иликтеген өкмөттүк комиссиянын кезектеги отуруму 13-январда болот.

28-декабрда Бишкектен Ошко учуп барган "Кыргызстан" авиакомпаниясынын Ту-134 учагы конуп баратканда тилкеден чыгып, оң жак канатынан каңтарылып калган. Үчкө бөлүнүп калган учак өрттөнүп, жарактан чыккан. 82 жүргүнчүнүн баары аман калган, анча оор эмес жараат алган жыйырма чакты кишиге гана медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кырсык болгон күнү Ош аэропортунун тегерегинде 500 метрлик туман болуп турганы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG