Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

"Түндүкэлектрде" телефондук маалымат борбору ачылды


"Түндүкэлектр" ишканасында керектөөчүлөрдүн арыз-даттанууларын, кайрылууларын кабыл алып, маалымат берүүчү атайын борбор ачылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ишкананын маалымат катчысы Гуля Мураталиева кабарлады. Электр жарыгы өчүп калса же кандайдыр бир башка маселелер болсо кардарлар (0 312) 33-87-37 номуруна чалып маалымат ала алышат. Бул номур иш күндөрү гана эртең мененки 8ден кечки 5ке чейин иштейт. Мындан тышкары (0 312) 33-88-22 ишеним телефону да бар. Ал эми ар бир район боюнча кардарлар менен байланыш үчүн диспетчерлер иштешет. "Түндүкэлектр" Бишкекти, Чүй жана Талас облустарын тейлейт. Декабрдын экинчи жарымында катуу сууктан Бишкекте электр жылыткычтарын пайдалануу көбөйүп, көпчүлүк райондордо энергия өчкөн. Бир нече күндөп жарыксыз, жылуулуксуз олтуруп калгандар Бишкектин негизги көчөлөрүн тосуп чыгышкан. Энергетиктердин айтымында, шаардын калкы өсүүдө, жаңы үйлөр, имараттар пайда болууда. Ал эми электр энергиясын элге жеткирүүчү зымдар, жабдуу ондогон жылдардан бери жаңылана элек. Ошондуктан авариялык өчүрүүлөр көп болуп жатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG