Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Назарбаев Жогорку Соттун чечимине каршы чыкты


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев калабалуу Жаңы Өзөн шаарында парламенттик шайлоо өткөрбөө жөнүндөгү Жогорку Соттун чечимине вето жарыялады. "Шайлоону өткөрбөй койуу жарандардын конституциялык укуктарын чектейт", деп айтылат Нурсултан Назарбаевдин бүгүнкү билдирүүсүндө.

16-декабрда Жаңы Өзөндө тополоң чыгып, эртеси Шетпе темир жол бекетине да жайылган. Мангыстау облусундагы чатакта, акыркы маалымат боюнча, 17 киши набыт болгон. Назарбаевдин амири менен обол 4-январга чейин, кийин 31-январга дейре шаарда чукул кырдаал абалы киргизилген. Мындан улам Жогорку Сот адамдардын коопсуздугу камсыздалбайт деп, 15-декабрда парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор Жаңы Өзөндө өткөрүлбөсүн деп чечкен болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG