Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14
Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын алгачкы спорт энциклопедиясы жарык көрдү. "Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясы" китебинин автору - "Азаттыктын" спорт баяндамачысы, 6 дүйнөлүк олимпиаданы жана 6 Азия оюндарын чагылдырган журналист Кабыл Макеш. Китепте миңге жакын спорт ишмерлери, термин, аталыштар камтылган. Кыргызстандын спорт тармагына эмгеги сиңген баардык спортчулар, машыктыруучулар жөнүндө фотосүрөттөр менен коштолгон маалымат камтылган. Китеп 1000 нускада чыкты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG