Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Таласта төө буурчак айдоону кыскартуу сунушталды


Таласта моно өсүмдүккө айланып бараткан төө буурчактын аянтын кыскартуу сунушу көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн облустук администрациядагы жыйында айыл чарбасына эмгеги сиңген ардагер Абдыкадыр Кененсариев айтты. Анын пикиринде, жердин асылдыгын арттыруу максатында тоют өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүп, мал чарбасын өнүктүрсө натыйжа болот. Облус губернатору Койсун Курманалиева жыйында айтылган кеп-кеңештерди карап чыгып, чечим кабыл алууга адистерге эки күндүк мөөнөт берди. (МbA/RK)

XS
SM
MD
LG