Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Ассад террорчуларды “темир муштум” менен согот


Президент Башар Ассад чет өлкөлөрдү Сириядагы кырдаалды дестабилдештирүүгө аракет кылууда деп күнөөлөдү жана өлкөдөгү тартип “террорчуларга темир муштум согуп” калыбына келтирилет деди. Башар Ассад Дамаск университетиндеги кездешүүдө “террорчулукка же куралды адамдарды өлтүрүү үчүн колдонгондорго эч ким чыдабасын” белгилеп: “Өлкөдөгү бийликтин бир да тепкичи кайсы бир жаранды ат деген буйрук берген эмес”,-деди. Ал БААС партиясынын жетектөөчү деп тааныган азыркы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум мартта өткөрүлөт деп да убада кылды.

БУУнун маалыматына ылайык, мартта Ассаддын режимине каршы козголуш башталгандан берки кагылыштарда 5 миңден ашуун адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG