Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Абактарда телефон сүйлөшүүлөрдү тыйганы жатышат


10-январда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн жыйында түрмөдө отургандардын телефон сүйлөшүүлөрүнө бөгөт койгон жабдууларды тез арада орнотууну тапшырды. Жаза аткаруу кызматына кыйноолордун алдын алуу үчүн ар бир абакта видеокөзөмөл камераларын орнотууну тездетүүнү буюрду.

БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес былтыр декабрь айынын башында Кыргызстанга келип, бул жерде кыйноо кеңири тараган көрүнүш деп айткан болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG