Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

Бабанов: улут аралык жаңжалга жол бербейли


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 10-январда укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын курду. Анда Баткен жана Чүй облусундагы улут аралык жаңжалдарды тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды. Тартип коргоо органдарына жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен байланышты күчөтүп, ар бир аймакта коопсуздук жана коомдук тартипти сактоо боюнча план иштеп чыгууну тапшырды.

Баткендин Лейлек районуна караштууАндарак айылында 29-декабрда жаңжал чыккан. Кыргыз улутундагы 3 окуучу жолдон тажик улутундагы адамдар тарабынан сабалып, бирөө ооруканага түшүп, милицияга кайрылган.

Күнөөлүүлөрдү издөө башталганда айыл өкмөтүнүн алдына миңдей тажик тектүү, беш жүздөй кыргыз тектүү жаран чогулган. Алардын ортосундагы уруштан жабыркап, ооруканага түшкөндөр болгон эмес. Бирок 2 кичи дүкөн, 2 сарай, 1 наабайкана, 1 автоунаа талкаланып, 2 үй жарым-жартылай өрттөлгөн. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG