Сирияга арап байкоочулары 10 күн мурда киргенден бери коопсуздук күчтөрүнүн колунан дагы 400дөй адам өлгөн. Бул тууралуу кечээ Бириккен улуттар уюму билдирди.
Арап лигасынын байкоочуларын азыр иши кан төгүүнү токтотууга жардам бербегени үчүн сындап жатышат. Лига өзү Латакия шаарына чабуул болгондо 11 байкоочусу жеңил жараат алганын кбаарлады.
Кечээ Сириянын президенти Башар ал-Ассад өз өлкөсүндө кырдаал начарлап кеткенин сырткы күчтөрдөн көрөөрүн айтты. Ал бийликтен кетпей турганын, бирок мартта жаңы Конституция боюнча референдум, кийинчерээк шайлоо өткөрөөрүн жарыялады.
"Биз өлкөдөгү баардык саясий күчтөрдү катышууга чакырабыз, - деди Ассад. - Чынында, биз соңку кездери алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ойлорун сурап, позитивдүү жоопторду угуп жатабыз".