Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Атамбаев: Кытайлык инвесторлорго тоскоолдук токтойт


"Кытайлык инвесторлорго бут тосуу учурлары болгон. Азыр бул маселе чечилип жатат. Чет элдик инвестицияларды коргоо кепилдигин бере алабыз", - деп билдирди мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрага орун басары Чэнь Чжили айым менен жолугушууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Атамбаев кытайлык тарапка "Датка" подстанциясын курууга кредит бергени үчүн ыраазычылык билдирип, "Датка - Кемин" электр өткөрчү чубалгысын куруу планы бар экенин айтты.

Кытай делегациясынын башчысы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү дале көп экенин айтты.

Быйыл Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 20 жыл толду. (RK)

XS
SM
MD
LG