Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Кумарканаларды жабуу боюнча план иштелип чыгат


Өкмөттө кумарканаларды жабуу тууралуу мыйзамдын аткарылышы боюнча жыйын өттү. Тиешелүү мекемелер бул багытта жасап жаткан иши тууралуу маалымат беришти. Каржы полициясы, Баш прокуратура жана башка тиешелүү мекемелер мыйзамды аткаруу боюнча бирдиктүү план иштеп чыкмай болушту.

Мыйзам аткарылбай жатканына нааразы болгондор Бишкекте 2 жолу митинг өткөрүшкөн. Алар колдоруна "Казино жабылсын", "Казино, оюн автоматтары балдарыбыздын түбүнө жетип жатат" деген жазууларды кармап чыгышкан.

2012-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандагы кумарканаларды жабуу тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр күздө кабыл алып, ага президент кол койгон.

Кыргызстандагы кумар оюндар бизнесинин өкүлдөрү өкмөттү сотко беришээрин "Азаттыкка" Оюн бизнеси боюнча ассоциациянын юристи Данияр Мамыров билдирген. Анын айтымында, 1-январдан тарта кумарканаларды жабуу боюнча мыйзамга таянып өкмөт алардын көпчүлүгүнүн лицензиясын алып койду. Бул кумар оюн ишкерлерине чыгып алып келди. Мамыровдун билдиришинче, кумарканалардын ишине тыюу салган мыйзам Конституцияга да, бир нече мыйзамдарга да карама-каршы келет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG