Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:47

Чек арачылардын аскердик ыкчам даярдыгы текшерилет


Бүгүнтөн тарта Кыргызстандын Чек ара кызматына караштуу аскердик бөлүктөрдө эки күндүк машыгуу өтө баштады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты. Чек ара аймактарында кырдаал курчуп кете турган болсо чек арачылардын аскердик ыкчам аракети кандай болушу керек, башкаруу кандайча жүргүзүлөт деген маселелер талкууланып, машыгуу өтөт. Кыргызстан 4 мамлекет - Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Түштүк облустарда коңшу мамлекеттер менен чектешкен айылдарда жылына cуу, жер талаштан ондогон чыр-чатактар катталат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG