Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Суусамырда катуу сууктан 4 мектеп убактылуу жабылды


Билим берүү министрлигинин буйругунун негизинде Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан И.Биримкулов атындагы Тунук айылдык орто мектебинде, Конушбай атындагы Суусамыр айылдык орто мектебинде, 1-Май атындагы 1-Май айылдык орто мектебинде жана Мырзакматов атындагы Кожомкул орто мектебинде (жалпысынан 4 мектеп) бүгүнтөн тарта 14-январга чейин катуу суукка байланыштуу окуу процесси убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гидрометеорология боюнча агенттигинин маалыматына ылайык, учурда Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы 39-43 градуска чейин суук болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG