Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Токой чарба агенттигинин көзөмөл укуктары алынат


Кыргызстандын Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги жоюлган жок, болгону анын көзөмөл жүргүзүү функциясы башка мекемеге өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, бир эле мекеме чарбалык иштерди жүргүзүп да, ошол иши кандай жүрүп жатканын көзөмөлдөп өзүн өзү текшергени да туура эмес. Агенттиктин текшерүү, көзөмөл укуктары жаңыдан түзүлүп жаткан Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына өтүүдө.

Бүгүн Бишкекте бир катар экологдор, жарандык коомдун өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, Сариев Токой чарба агенттигин жойгону жатат, мындай кадам экологиялык коопсуздукка өз кедергисин сөзсүз тийгизет деп айтышкан болчу.

Агенттик, кызмат жана инспекциялар боюнча жаңы структура кечээ өкмөттө талкууланып, кабыл алынган. Эми аны парламенттеги башкаруучу коалиция карап чыгышы керек. (MTo/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG