Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

АКШнын Гуантанамо түрмөсүнө 10 жыл


Бүгүн АКШнын Гуантанамодогу террорчу деп шектелген адамдарды кармоочу түрмөсүнүн ачылганына он жыл толду. Абак жай президент Жорж Буштун тушунда 2001-жылы америкалык аскерлер “ал-Кайиданын” желдеттерин жок кылабыз деп Ооганстанга басып киргенден кийин ачылган. “Ал-Кайида” 2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын шаарларында болгон террордук чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Бул чабуулдарда 3 миңге жакын адам набыт болгон.

Адам укугун коргоочу уюмдар Гуантанамодо туткундардын укуктары орой бузулут деп, Вашингтонду сындаган. Барак Обама президент болгон соң 2010-жылы январдан кечикпей абак жай жабылсын деп буйруган. Бирок Ройтерс агенттигинин кабарлашынча, азыр Гуантанамодо 171 туткун кармалууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG