Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

Парламент комитеттеринин саны кыскарды


Жогорку Кеңеште мурдагы 16 комитеттин ордуна 13 тармактык комитет түзүлдү.

Парламенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, мындай чечим “иш ыргыгын ыраатташтыруу, штат бирдигин оптималдаштыруу жана бюджеттик каражатты сарамжалдуу пайдалануу максатында” кабыл алынды.

Добуш берүү жыйынтыгында Жогорку Кеңештин регламенти жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин долбоору өткөн жок. Андан соң “Биримдик” парламенттик көпчүлүк коалициясынын долбоору добушка коюлуп, мурдагы 16 комитеттин ордуна 13 тармактык комитетти түзүү чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңеште жаңыдан түзүлгөн тармактык комитеттеринин курамы:

1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет
2. Сот-укуктук маселелери боюнча комитет
3. Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет
4. Эл аралык иштер боюнча комитет
5. Агрардык саясат, суу ресурстары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу боюнча комитет
6. Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитет
7. Социалдык саясат боюнча комитет
8. Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитет
9. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет
10. Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитет
11. Бюджет жана финансы боюнча комитет
12. Укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча комитет
13. Коррупция каршы аракеттер боюнча комитет.

(RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG