Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Кыргызстан картошкасын түркмөндөргө сунуштап жатат


Кыргызстан картошкасын Түркмөнстанга сунуштап жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" айыл чарба министринин орун басары Кубат Касеинов билдирди.

Анын айтымында, Түркмөнстан жана Өзбекстандын элчилери менен сүйлөшүүлөр болду. Бирок жакында эле Өзбекстандан “андай иш жүргүзбөйбүз” дегендей так эмес, бүдөмүк жооп келди. Азыркы учурда Түрмөнстандыкы иш жүргүзүп жатат. Мындан сырткары, Казакстандын чоң-чоң шаарларында социалдык азык-түлүк деген ишканалардын өкүлдөрү келип, Ысык-Көлдө, Таласта иш жүргүздү.

Адатта картошка Ысык-Көл облусунда көп өндүрүлөт. Жылда бул маалда көлдүк дыйкандар жүздөгөн тонна картошкасын сатып коюшчу. Быйыл баасы 4-5 сом болуп, сатып алуучу чыкпай жатат. Бул баа түшүм алууга кеткен чыгымдарды жана мээнетти актабайт. (EBM/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG