Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Франция, Евробиримдик Сириядан француз журналистинин өлүмүн иликтөөнү талап кылышты


Кечээ Сириянын Хомс шаарындагы чабуулда франциялык тележурналист Жиль Жакье набыт болгон. Жергиликтүү телеканалдын маалыматына караганда, Хомстогу аткылоодо жалпысынан 8 адам өлгөн, 20дан ашууну жаракат алган. Голландиялык бир журналист да набыт болду.

Сирияда чет-өлкөлүк журналисттерге жакында ал жакка Арап лигасынын байкоочулары киришкенде гана иштөөгө уруксат беришкен. Хомс - бул өлкөдө 10 айдан берки нааразылыктын чордону болгон шаарлардын бири.

XS
SM
MD
LG