Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Жарандык коом депутат Конституцияны бузду деп эсептейт


Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы Жогорку Кеңештин депутаты Урулкан Аманбаеваны Конституцияны бузду деп күнөөлөп, ага карата чара колдонулуш керек деп жатат. Мындай билдирүүсүн жарандык коом өкүлдөрү бүгүн таратышты.

Алар Баш мыйзамдын 16-беренесиндеги "эч ким жынысы, тили, улуту жагынан кодуланбашы керек" деген нормасы бузулганын айтышууда. Былтыр январда да укук коргоочулар депутат Аманбаеванын жүрүм-турумуна байланыштуу антифашисттик плакаттар менен митингге чыккандарын эскертишти.

Кечээ "Республика" фракциясынан депутат Урулкан Аманбаева депутаттардын алдына чыгып сүйлөгөн өкмөттүн өкүлүн "орусча эмес, кыргызча сүйлө" деп талап кылганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG