Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Анкарада кыргыз-түрк сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат


Президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясын Түркия президенти Абдулла Гүл Анкарадагы «Чанкайа Көшкү" резиденциясында сый-урмат менен тосуп алды. "Азаттыктын" кабарчысы Заирбек Бактыбаевдин кабарлашынча, кыргыз президентинин урматына залп атылды. Алгач Кыргызстандын мамлекеттик гимни, андан соң Түркиянын гимни ойнолду. Жолугушууга эки президенттин жубайлары да катышты. Ушу тапта эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүүдө.

Кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер, коргоо, маданият жана маалымат министрлери, Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер жана парламенттик кызматташтык комитетинин жетекчилиги жана башка расмий кызматкерлер бар. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG