Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:15

Пентагон Ооганстандагы аскерлерге байланышкан тасманы иликтөөдө


АКШ армиясы Ооганстандагы америкалык жоокерлер делинген 4 кишинин талиб согушкерлеринин сөөктөрүнө заара ушатып жатканы тартылган видеонун Интернетте пайда болушун териштирип жатат. Командачылыктын билдирүүсүндө айтылгандай, тасманын автору же анын чын-төгүнү аныктала элек. Видеодо тартылган кадрлар АКШ Деңиз аскрелеринин баалуулуктарына каршы келет, - деп белгилейт командачылык. Пентагондун өкүлү Жон Көрби душмандардын сөөктөрүн мазактоо тартылган тасма “тынчсыздануу жаратаарын” айтса, Ооган президенти Хамид Карзай тасмага байланыштуу камтамачылыгын билдирди.

Талибандын басма сөз катчысы видеону “ырайымсыздык” деп атап, ошол эле маалда ал тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жолтоо болбойт деп белгиледи. Сүйлөшүүлөрдө учурда негизинен туткундарды айырбаштоо талкууланып жатат.

Тасманы ким тартканы жана YouTubeга ким жайгаштырганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG