Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Нигерияда жалпы иш таштоону токтотуу боюнча мунаса табыла элек


Нигерияда кечээ президент Гудлак Жонатан менен профсоюздардын лидерлеринин сүйлөшүүлөрү жумурияттагы жалпы иш таштоону токтото албады. Тараптар сүйлөшүүлөрдү эми ишембиде уланта турган болушту.

Өлкөнүн профсоюздар конгрессинин лидери Абдулвахид Омар төрт күндөн бери уланып жаткан иш таштоо бийликтер менен качан гана макулдашуу жетишилгенде токтотула турганын айтты.

Иш таштагандар күйүүчү майга болгон мамлекеттик колдоону кайрадан калыбына келтирүүнү талап кылышууда. Кенчилердин профсоюзу мунай казылган аймактарда жекшембиден тарта ишти токтото турганын эскертишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG